Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Түштүк Кореянын президенти Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганы үчүн “жооп бере турганын” билдирди

12.07.2023 12:08
1070
Түштүк Кореянын президенти Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганы үчүн “жооп бере турганын” билдирди


Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Улуттук коопсуздук кеңешинде Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганы үчүн “жооп бере турганын” айтты, деп билдирди Рёнхап маалымат агенттиги.


"Президент Юн Сок Ёл шаршемби күнү Түндүк Корея баллистикалык ракетаны мыйзамсыз учурганы үчүн жооп берерин эскертти", - деп жазды Түштүк Кореянын маалымат агенттиги.


Юн Сок Ёл Түндүк Кореянын ракетасын учурганына байланыштуу Улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүдө.


Жергилктүү убакыт боюнча 09.59да учурулган ракета Япониянын эксклюзивдүү экономикалык аймагынан тышкары, саат 11.13тө Хоккайдодогу Окусири аралынан 250 чакырым алыстыкта ​​түшкөн.


Япония ракета учуруусунан улам Түндүк Кореяга нааразылык билдирди. Ушул саатка чейин япониялык кемелерге жана учактарга эч кандай зыян келтирилген эмес. Жапон өкмөтү учурда Вильнюста НАТОнун саммитине катышып жаткан Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен дайыма байланышта.


Токиодо Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү.


Бул быйылкы жылы 12чи жана 15-июндан бери биринчи жолу учурулган ракета. Түндүк Корея былтыр 37 жолу учурган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн