Теке 27, 2024
Убакыт: 10:47
USD
EUR
RUB

УКМК: Ири суммадагы акча талап кылып жаткан чет элдик жаран кармалды

29.11.2023 11:43
208
УКМК: Ири суммадагы акча талап кылып жаткан чет элдик жаран кармалды


Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринин дипломун тапшырууга көмөк көрсөткөнү үчүн мекендешинен 12,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, алып жаткан жеринен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында чет өлкөлүк жаран айрым чет элдиктер (такталууда) менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, материалдык пайда алуу максатында жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын дипломдорун алууда мекендештерине-бүтүрүүчүлөргө жасалма тоскоолдуктарды жараткандыгы аныкталды.


Учурда кармалган чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдарынын алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн