Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:29
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК төрагасынын чечкиндүү аракети Өзбекстанга таасир эттиби?

09.12.2023 11:26
2795
УКМК төрагасынын чечкиндүү аракети Өзбекстанга таасир эттиби?


УКМК тарабынан Камчыбек Көлбаев атып өлтүрүлүп, УКТга каршы күрөш катуу жүргөнүнө күбө болдук. Ал чөйрө менен байланышкан бир катар бизнесмендер да камалышып, териштирүү иштери дагы деле улантылууда. Бул багытта тергөө, иликтөө вазыйпасы көпкө созулат окшойт.

 

Айтмакчы, Камчыбек Көлбаев өлгөндөн кийин Өзбекстандагы “каралар” да баш көтөрө баштаганын байкай алдык. Натыйжада, Салимбай, “Бахти Ташкентский” аттуу криминалдык авторитеттер кармалышып, күч органдары үстөмдүгүн көрсөтүүдө. Негизи Өзбекстанда башынан эле уюшкан кылмыштуу топтор чөптөн жапыз, бекинип жүрүшчү. Ошого карабай алардын аракеттерине чара көрүлүп, мыйзамдуу алкакта уланууда. Аныгында, Кыргызстандагыдай ачык-айкын, элиталык деңгээлге жеткен эмес. 


Биздин баамыбыз боюнча, Өзбекстандагы криминалдык лидерлердин кармалып жатышына Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери таасир этиши мүмкүн. Себеби, Салимбай, “Бахти Ташкентскийдин” күтүүсүз кармалышы көп суроолорду жаратууда. Ташиевдин жасаган кадамдарынан үлгү алып жатышабы?.. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн