Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштыруу операциясы өткөрүлөт

16.01.2024 17:02
224
Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштыруу операциясы өткөрүлөт


Бүгүн, 16-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштырууга даярдык иштери жүрүп жаткан боор хирургиясы бөлүмүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, бул үчүн бюджеттен 5 млн сом бөлүнүп, оңдоо иштерин февраль айынын ортосуна чейин бүтүрүү пландалууда.

"Биз боорду трансплантациялоо операциясын жасаганы жатабыз, бул Улуттук хирургия борборунун базасында ишке ашат. Биз борборду операцияга керектүү эң заманбап жана кымбат-баалуу жабдуулар менен жабдыйбыз. Улуттук хирургия борборунун жалпы командасынан жакшы жыйынтыктарды күтөбүз", - деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр Улуттук хирургия борборунун мыкты адистери керектүү билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алуу үчүн Түркияга стажировкага жиберилерин белгиледи. 12 адистен турган бригадада хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана төрт бар.

Бейшеналиев белгилегенлей, кыргызстандык медиктер акысыз окутуудан өтүшүп, окуу мезгилинде бекер турак-жай жана тамак-аш менен камсыз болушат.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 12-январында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын Инөнү университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн