Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Улуттук курама команда жана анын башкы машыктыруучусу алмашабы? Ташиевдин жообу

19.02.2024 14:13
404
Улуттук курама команда жана анын башкы машыктыруучусу алмашабы? Ташиевдин жообу


"Курама команда төртүнчү орунду ээледи – бул футболдун азыркы көрсөткүчү", — деди Кыргыз футбол союзунун бүгүн жаңыдан шайланган президенти Камчыбек Ташиев шайлоодон кийинки брифингде.

Ал союздун буга чейинки жетекчилиги улуттук курама команда Азия кубогунда өзүнүн тайпасында эң акыркы орунду ээлеп, оюндан чыгып калганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткенин белгиледи.

"Улуттук курама команда азыр начарлап баратат. Таркович менен жолуга элекмин. Аны менен талкуулайм, алдыда маанилүү оюндар бар – дүйнөлүк чемпионатка тандоо, андыктан бул жерде машыктыруучуларды тез-тез алмаштырбай, шарт түзүп берүү маанилүү. Биз футболчуларды жакшы даярдашыбыз керек", - деди Ташиев.

Ал бардык машыктыруучулардын ишин карап көрүп, курамага тандоонун жаңы системасын киргизе турганын белгиледи.

"Мыктылар көңул сыртында калбашы керек. Эң мыкталар, ишенмдүү жана керектүүлөр курамда болуш керек", - деп билдирди КФСтин президенти командада боло турган өзгөрүүлөр тууралуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн