Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:44
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Урмат Жумалиев: “Балык чарбалардын көбү документсиз иштеп, кыйынчылыктар жаралууда”

15.11.2023 12:06
747
Урмат Жумалиев: “Балык чарбалардын көбү документсиз иштеп, кыйынчылыктар жаралууда”


Кыргызстандын балык чарбаларынын ассоциациясынын төрагасы менен маек.


- Учурда кыргыз ишкерлери иштеткен балык чарбалары көйгөйгө тушугуп, экспорттоодо оорчулук жаралып, баалары төмөн болуп, маанайлары түшүүдө. Эмне тоскоолдуктардан улам мындай абал жаралууда?


- Россиянын ветеринардык кызматынын өкүлдөрү бул жакка келип, “балык туура эмес жол менен багылып жатыптыр” деген анча-мынча чектөөлөрдү коюп кетишкен. Ошолорду ордуна келтиргенге аракет кылып атабыз. Алардын чектөөлөрү бизге негизинен Кыргызстанда өзүнүн лабораториясынын жоктугу менен байланыштуу. Бизде лаборатория бар, бирок анын анализдери чектелген. Чоңураак тизме киргизип, Россияныкы менен салыштырып, ал жакта кылынган анализдер биздикинде да кылынса, ошондо чектөөлөрдүн баары өзүнөн-өзү жок болот эле. Балык Кыргызстанга урук кезинен баштап, кайсы жерден кайсы жерге жеткирилди, каякта өстүрүлдү, кайсы цехке ташып союлду, каякта тоңдурулду дегенге чейин документтери керек эле. Кыргызстанда көбүнчө чарбалар документсиз эле, өздөрү көлмө казып иштетип алышкан. Ветеринардык реестрде жок, бассейндердин номурлары да белгисиз. Көп ката кетирилген. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн