Бугу 12, 2025
Убакыт: 05:11
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.030
1.085

Январь-июнь айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 13%га кыскарган

12.08.2023 21:37
557
Январь-июнь айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 13%га кыскарган


2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 12,7%га кыскарган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.


Биринчи жарым жылдыкта эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 1,3 миллиард долларды түздү.


Россиядан товарлардын импорту 16,8%га азайып, 933,1 млн долларды түздү.


Кыргыз Республикасынан Россияга товарлардын экспорту 1,2%га төмөндөп, 389,2 млн долларды түздү.


Россия Федерациясы биринчи жарым жылдыкта тышкы сооданын көлөмүндө 19,7% үлүшү менен Кыргызстандын Кытайдан кийинки экинчи ири соода өнөктөшү болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн