Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Япония коронавируска каршы алгачкы дарыны бекитти

08.05.2020 15:02
1142
Япония коронавируска каршы алгачкы дарыны бекитти


Япония коронавирусу бар бейтаптарды дарылоо үчүн алгачкы дары-дармекти жактырды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, Remdesivir препараты COVID-19 вирусу тастыкталган бейтаптарды дарылоо үчүн жактырылган алгачкы дары-дармек каражаты болду. Ошондой эле «Фавипиравир» жана «Фавилавир» аты менен белгилүү болгон “Авиган” препараты дагы май айында жактырылышы мүмкүн.


Кытай дарыгерлери коронавирус чакырган пневмонияны дарылоодо аталган дарынын натыйжалуулугун аныкташкан.


Март айында Япониянын үй чарбаларынын чыгашалары төмөндөп, апрелде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү активдүүлүк рекорддук темпте кыскарды. Бул коронавирус пандемиясы өлчөмү боюнча 3-дүйнөлүк экономиканы тереӊ рецессияга алып келет деген божомолдорду күчөтүүдө, деп кошумчаланат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн