Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Японияда 700 килограмм кокаин алып бараткандар кармалды

16.04.2020 09:36
1089
Японияда 700 килограмм кокаин алып бараткандар кармалды


Япониянын Иокогама шаарынын бажы кызматкерлери тарыхында эң ири, контрабандалык жол менен 700 килограмм кокаин алып бараткандарды кармашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, баңгизат портто турган кемеден табылган. Кокаин банан салынган ящиктердин жанындагы контейнерде болгон. Ал эми кеменин мүчөлөрү тыюу салынган затка тийешеси жок экенин билдиришкен. Ошондой эле, кеме кайсыл жактан келгени да айтылган эмес.


Адистер бул баңгизаттын баасын 14 миллиард иен (130 миллион доллар)  деп баалашкан. Япон полициясы жүккө Эл аралык ири контрабандисттердин тийешеси бар экенин божомолдогон. Ошондой эле, товар Японияга жеткирүүгө багытталбаганын, буйрутма бергендер өз убагында белгиленген жерден ала албай калган деген да пикирлерин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн