Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:23
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Япониянын экс-премьер-министри алган жаракатынан улам көз жумду

08.07.2022 16:42
425
Япониянын экс-премьер-министри алган жаракатынан улам көз жумду


Бүгүн эртең менен ок жеген япониялык экс-премьер-министр Синдзо Абэ алган жараатынан көз жумду. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

68 жаштагы саясатчыга бүгүн эртең менен кол салуу болгон. Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан Абэге артынан 10 метр аралыктан ок атылган.

Саясатчыны дарыгерлер ооруканага алып кеткени, жүрөгүнө массаж жасалганы маалымдалган. Андан соң тик учак менен Нара медициналык университетине жеткирилген. Ок далысынын тушуна тийгени маалымдалды. Башка ЖМКлар Абэнин мойнунан кан акканы байкалганын жазышкан.

Кылмыш болгон жерден 41 жаштагы Тэцуя Ямагамини кармашкан. Ал тартип сакчыларына каршылык көрсөткөн эмес. Бир канча убакыттан кийин адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп, камакка алынган. Япон ЖМКлары Ямагами 2005-жылга чейин үч жыл өлкөнүн Аскердик-деңиз күч түзүмүндө кызмат кылганын, андан соң эмне иш менен алектенип келгени белгисиз экендигин жазышты.

Ямагами суракка алынганын, мындай кадамга "Абэнин саясатына нааразы" болгону үчүн барганын айтып бергени маалым болду.

Синдзо Абэ Япониянын өкмөтүн эки ирет жетектеген. Тагыраагы, 2006-2007-жылдары жана андан кийин 2012-2020-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган.

Ал Либералдык-демократиялык партиядан баш-аягы тогуз жолу Эл өкүлдөр палатасына депутат болгон жана аталган партияны жетектеп келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн