Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

ЮНИСЕФ: Дүйнөдө 230 млн кыз-келин "сүннөткө отургузулган"

09.03.2024 12:40
1486
ЮНИСЕФ: Дүйнөдө 230 млн кыз-келин "сүннөткө отургузулган"


БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнөдө аялдарды "сүннөткө отургузуу" жосуну тууралуу баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Жер шарында "сүннөткө отургузулган" 230 миллиондой аял бар. Ден соолукка залалдуу бул процедура көбүнесе Азия жана Африка элдеринин маданиятында кездешет.

Бул боюнча аталган уюмдун мурдагы баяндамасы 2016-жылы жарыяланган. Соңку сегиз жылда мындай жосундун курмандыгы болгон кыз-келиндердин саны 30 миллионго өскөн.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел AP маалымат агенттигине бул көйгөй менен күрөшүү жай жүрүп жатканын айтып, акыркы жылдары кыздарды эрте жашынан, беш жашка чыга элегинде эле буга мажбурлаган учурлар болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Агенттик бул жосундун географиясы кулач жайбаганы менен мурдатан болуп келген аймактарда курмандыктардын саны өскөнү байкалганын жазды.

Эске салсак, Кыргызстанда мындай процедура тыюу салынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн