Тогуздун айы 16, 2025
Убакыт: 05:20
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.100
1.130

ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо качан өтөрү белгилүү болду

25.09.2025 16:12
195
ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо качан өтөрү белгилүү болду


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөрү белгилүү болду.


Төрага Нурланбек Тургунбек уулу шайлоо 30-ноябрда өтөрүн билдирди. "Биз шайлоонун таза жана ачык-айкын өтүшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.


Азыр айрым депутаттар президенттин, генералдын же Жогорку Кеңештин төрагасынын батасын алыптыр деген имиштер чыгып жатат. Батаны эл гана берерин белгилеп кетким келет. Бүгүнкү бийлик ачык жана таза шайлоо өткөрүүнү гана көздөйт", - деди ал.


Төрага Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышынын депутаттары шайланганга чейин бардык ыйгарым укуктар сактала турганын, кандайдыр бир маселе жаралса ал кезексиз жыйынга чакыра аларын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн