Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын Жогорку жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүү, өзгөчө парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Файзали Идизоданы жаңы кызмат орду менен куттуктап, жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады. Ал Кыргызстан эки элдин ортосундагы достук жана коңшу мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.
“Чек ара маселесинин чечилиши кыргыз-тажик алакасын жаңы деңгээлге чыгарып, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түздү. Эки өлкөнүн парламенттери тиешелүү келишимдерди тез арада ратификациялап, бул тарыхый чечимди тоскоолдуксуз колдоп берди. Мындан ары да керектүү макулдашуулардын ийгиликтүү ишке ашуусуна көмөк көрсөтүшүбүз керек”, – деди Тургунбек уулу.
Ошондой эле, ал Парламенттер аралык комиссия түзүү демилгесин көтөрүп, Кыргызстан анын жобосун иштеп чыгып, алгачкы жыйынын 2026-жылы Бишкек шаарында өткөрүүгө даяр экенин кошумчалады.
Жолугушуу учурунда соода-экономикалык кызматташтыкты да тереңдетүү маселеси көтөрүлүп, Кыргызстан Тажикстанга эт-сүт, шекер, текстиль, көмүр, айнек жана башка продукцияларды экспорттоого кызыкдар экени айтылды.
“Соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Жакын коңшу мамлекет катары инфраструктуралык маселелерди биргеликте чечип, экономикалык потенциалды толук пайдаланууга убакыт келди”, – деди төрага.
Өз кезегинде Файзали Идизода Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирип, чек ара өткөрмө жайларынын ачылышы эки элдин алакасына жаңы дем берерин белгиледи.
“Бул чек арага жакын жашаган элдин жашоосун жакшыртууда чоң мааниге ээ. Биз Жогорку Кеңештин төрагасы сунуштаган Парламенттер аралык комиссия түзүү демилгесин колдойбуз”, – деди Идизода.
Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, эки тарап тең кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн