Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ЖМК: Путин жакынкы күндөрдө Түркияга барат

14.08.2023 14:59
648
ЖМК: Путин жакынкы күндөрдө Түркияга барат


Анкара дипломатиялык ишти күчөттү жана Орусиянын президенти Владимир Путин жакынкы күндөрү Түркияга барышы мүмкүн деп үмүттөнөт, деп жазат дүйшөмбү күнү Milliyet гезити “маалымат булагына” шилтеме берүү менен.


Түркиянын A Haber телеканалы ишемби күнү Түркия менен Россия Федерациясынын лидерлери Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин августтун аягында – сентябрдын башында жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү мүмкүн экенин жана Эрдогандын Орусияга сапары жокко чыгарылбай турганын кабарлады. Түркия менен Орусиянын президенттеринин ортосунда пландалган сүйлөшүүлөрдүн күнү жана орду дагы эле талкууда, түрк тарап августка эсептеп жатканын РИА Новостиге түрк лидеринин администрациясындагы булак билдирген.


Milliyet басылмасынын маалыматына караганда, Путин Түркияга «жакынкы күндөрү» келиши мүмкүн. Бул Путиндин Орусия-Украина согушу башталгандан берки НАТОго мүчө өлкөгө жасаган биринчи сапары болмокчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн