Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 22:26
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ж.Сааданбеков: Жаш талантка ак жол

01.10.2021 20:53
17012
Ж.Сааданбеков: Жаш талантка ак жол


Чынгыс хан жөнүндө дүнүйө жүзүндө көп сандаган китептер чыккан. Алардын ичинен биздин окуучуларга белгилүү тарыхый романдардан үчөөнү атасак алар - Т.Касымбековдун «Сынган кылычы», И.Есенберлиндин «Көчмөндөрү», И. Калашниковдун «Каардуу кылымы». Үчөө тең социалисттик реализмдин алкагында жаралган шедеврлер. 


Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чынгысхан» романы болсо, тарыхый чындыкты диний-мистикалык, магиялык реализмге танзактаган тарыхый философиялык эссе-роман. Койчиев, М.Булгаковду, Г.Маркести, Ч.Айтматовду, М.Прустту, ж.б. гиганттарды терең изилдеп окуган, жаңы замандын жаңы жазуучусу экени ушул китептен аттын кашкасындай көрүнүп турат. 


Койчиев колдонгон магиялык, фантастикалык реализм методун колдонбосо, азыркы шумдуктуу доорду соцреализм же башка бир салттуу методдор аркылуу чагылдыруу өтө кыйын.  Анткени, улам барган сайын жаңы технологиялык революция реалдуу турмуш менен фантастиканын, магиянын ортосундагы чек араны жок кылып баратат. 


Мисалы, азыркы нейропсихолигвистиканын залкары Татьяна Черниговскаяга мындай суроо беришет? 


– Адам өлгөндөн кийин тирүүчүлүк болушу мүмкүнбү? 


– Сөзсүз мүмкүн. Мээнин бир дагы кымындай клеткасынан өздүк эс-тутум, ар-намыс, уят-сыйыт, интуиция дегендерди таба албайсың. Демек, алар мээнин гана туундусу эмес, бул жерде башка да, көзгө көрүнбөгөн феномен болушу мүмкүн. Адамдын биологиялык өлүмү анын жан дүйнөсү да өлдү дегенди билдирбейт – деп жооп берген Т.Черинговская. 


Ушуга байланыштуу дагы бир мисал. Орустун белгилүү жазуучусу Даниил Гранин менен кадимки Ванганын аңгемесине көңүл буралы: - Откуда ты, спросила она. 


Я сказал: «Из Ленинграда».


«Из Ленинграда»? Она задумалась и сказала примерно так: - Это город, который еще будет много значить».  Тогда я на это высказывание как-то не очень обратил внимание, а вот другое, что меня поразило, следующий ее вопрос. 


Она спросила: Кто у тебя Анна? Я отвечал: «У меня нет никакой Анны». «Нет есть», - сказала она. Я говорю: «Как так?» «Да вот она тут». И тут я вдруг сообразил, я говорю: «Это моя мать. Она умерла уже, ее нет». «А-а», - сказала она. И тогда я ее спросил, потому что мне было странно, что она говорит «вот тут она», я ее спросил: «Как вы отличаете живых от мертвых? Она ответила: живой человек, он ходит по земле, а мертвый над землей». Еще она мне что-то сказала, вроде как упрекнула, что я редко бываю на кладбище у матери. Между прочим, и в разговорах с другими тема эта повторялась. Но самое невероятное, конечно, было ощущение, то, что она как бы почувствовала или увидела мою мать, и это ощущение больно отдалось во мне. Почему мать явилась к Ванге? Это меня поразило более всего. Из тысяч имен она выбрала «Анна», самое близкое мне имя.   


Мээнин атактуу изилдөөчүсү, академик Н.Бехтерева адамдын жан дүйнөсү, анын биологиялык өлүмүнө түздөн-түз байланышпаган, көзгө көрүнбөгөн реалдуу чындык экенин далилдейт. Анын байкоосунда клиникалык өлүмдөн кийиин тирилген адамдардын 7-10 пайызы өлгөн денесинен чыгып кетип, аны көрүп турганын айтышкан. Ошондой эле көптөгөн аялдар төрөт учурунда денесин таштап чыгып өзүнө көз салып турганын билдиришкен. Демек, адамдын денеси жан дүйнөсүз жашай албайт, а жан дүйнө денеден тышкары жашай алат, деп жыйынтыктайт Н.Бехтерева. 


Койчиевдин китебиндеги башкы каарман Чынгысхандын арбагы. Ал бири бирин кырып атып, тукуму соолуп баратканын көрүп, аргасы кетип, бирок үмүтү үзүлбөй, тукумум «сүзүлсө сүзүлөөр, бирок үзүлбөс» деп, ааламды чарк айланып, аны сактап калуу аракетинде. Бир карасаң, адам ишенбей турган мистика, бирок, анын түпкүрүндө олчойгон тарыхый чындык жатат. Китеп Өзбек хан менен анын небереси, Жаныбек хандын сүйүктүү уулу Алтын Ордонун ханы Бердибектин (1357-61) жырткычтык жоруктары менен башталат. Ал кезде Батыштагы түрктөрдүн салты боюнча мураска калган бийликти ээлегенге хандын баардык балдары, улуу-кичүү дебей, тең укукта болушкан. (кудайга тобо, ошол кезде деле либералдык демократиянын элементтери болгон дейм). Так ушул «бомба» уялаш бир туугандарды бийлик талашта кырылыштырып, алар өздөрү эле өлбөй, түмөндөгөн караламан калк кырылган. Жаныбек хан өзүнүн эки бир тууганын мууздап бийликке келет, антпесе булар тигинин өзүн өлтүрмөк. Аягында Жаныбекти өзүнүн эң сүйүктүү  уулу Бердибек өлтүрүп бийликке келет. Ата өлтүргүч Бердибекти эки эле жылдан кийин Жаныбектин уулумун деп жалганчылык жолу менен так талашкан авантюрист Кульпа өлтүрөт. Ушул кандуу кылымдарды жазуучу: 


«Сырдын суусун кечесиңби?

Сырды бойлой көчөсүңбү?

Токтомуштан арагыраак,

Чынгысхандан берегирээк,

Чыр заманды билесиңби? – деп сүрөттөйт.


Ошентип, Батыйдын Сарайындагы хандардын учугу үзүлөт, оту өчөт да, Чыгыш Европадагы эң күчтүү мамлекет, Алтын Ордо алсырап, Чыгыштын жана Батыштын талоонуна түшүп жок болот. Л.Н. Гумилевдун ою боюнча, бийликти мураска калтыруунун ушундай салты мамлекетти талкалай турган, элдердин келечекке умтулган  үмүтүн үзө турган өтө коркунучтуу көрүнүш болгон. 


Койчиевдин китебинде тең укутуулук, демократия, эркиндик жөнүндө кыпындай да сөз жок. Бирок, текстте жазылган жана коюлган проблемаларды карап олтуруп, аргасыздан бүгүнкү күнгө, бүгүнкү заманга көңүлүңдү бурасың. Чеги жок, ашынган тең укутуулук, туура эмес колдонулган демократия биздин Кыргызстанды өткөн 30 жылда кандай туңгуйукка такады? Кайсы бир өлкөдө, биздегидей жогорку бийлик 4 жолу күч менен алмашылды, 3 президент качып жүрөт же түрмөдө? Кайсы өлкөдө  мамлекеттик менчик, элдин байлыгы биздегидей таланды, тонолду? 30 жылда төгүлгөн канды айтпай эле коёлу. Көз карансыздыктын 30 жылдык мааракесин көкүрөк керип сыймыктанаар алгылыктуу бир жетишкендикти айта албай, жер карап тозбодукпу. 


Романдын башынан аягына чейин кызыл сызык болуп аралаган тема-бул ата салтын танган, жети атасын, өз ата-энесин сыйлабаган элдин келечеги жок деген ойду чагылдырат. 


«Жетсин унуткандарды

Күйүп карайм, жетесин

эстегендерди сүйүп карайм» - дейт Чынгысхандын арбагы. 


Дагы бир жерде, Чынгысхан: 


«Бул калаада ата-арбакты унутпай, табынган урпагым калганбы? Калган болсоң кайдасың? Уркуна сыйынган урпагым калганбы? Калган болсоң кайдасың? - деп сыздайт. 


Азия элдеринин көпчүлүгүнүн албетте, кыргыздардын да ички социалдык карым катнашы вертикалдык иерархия аркылуу, башкача айтканда баласы атасына, кичүүсү улуусуна баш ийүү аркылуу ишке ашкан. Жаш баладан чоңдорго чейин жети атасын билүүгө милдеттүү болгон. «Жети атанын билбеген жетесиз» дешкен. «Жетесиз» дегени тукумусуз кул дегени. Жети атасын сурап, кыз бермек – ал кезде расим болгон. Ушундай экзогамиялык тыюу болбосо, элдин генетикасы бузулуп, тукум – курут болуп кетерин ошол кезде эле билишкен. Кыскасы «жети ата» принциби ар бир кыргыз ата бабалардын арбагынын алдындагы ыйык жоопкерчилигин жана милдетин жан дили менен аткарууга тарбиялаган. Бир туугандык генеалогияны так билүү ар – намыстын кодекси болгон. 


Койчиев ушул темага өтө чоң акцент кылганы, азыркы кыргыздардын нарк-насили, ата салттары бузулуп, ата – баланын, ага-ининин, эже – сиңдинин, региондор, уруулар арасындагы мамилелер, демократиялык тең укуктуулуктун, чексиз эркиндиктин натыйжасында кыйрап баратканына жаны кейийт. Чынында эле, басма сөздү, интернетти, ТВ карасаң  күнүгө, атасын өлтүргөн уул, атасы зордуктаган, кыз, ата-энесин алдап – соолап карылар үйүнө өткөрүп таштаган жигиттер, кыздар толтура. 


Айрыкча бийликке болгон мыйзамдуу баш ийүү, бийликти урматтоо, кыргызда жоголуп бара жатат. Саясатта митинг, көчө демократиясы үстөмдүк кылып, бакырчаак авантюристтер коомду жадатып бүттү.


Бул тарыхий роман болгону менен, бүгүнкү күнгө кайрылып, «Кыргыздар, кайда баратабыз деги» - деп, санаасы санга бөлүнгөн жазуучунун үнү. 


Арслан иним, талантың курчуп, көкөлөй берсин. Сага ак жол тилейм! 


Жумагул Сааданбеков, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн