Теке 05, 2025
Убакыт: 11:09
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Балдар бейтапканасында 4 ата-энеде, 2 бала жана 2 дарыгерден коронавирус табылды

08.05.2020 11:50
1119
Балдар бейтапканасында 4 ата-энеде, 2 бала жана 2 дарыгерден коронавирус табылды


Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы балдар бейтапканасында 4 ата-энеден, 2 баладан жана 2 медицина кызматкеринен коронавирус илдети табылган. Бул тууралуу 8-майдагы брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.


Анын айтымында Жал районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору учурда иштеп жатат, болгону чектөөлөр киргизилген.


“4 ата-энеден, 2 баладан жана 2 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталган. Илдетти жуктуруп алган ата-энелер Республикалык инфекциялык клиникалык бейтапканага которулган. Ал эми контакта болгон 19 дарыгер обсервацияда жатат. Мекемеде баардык санитардык-эпидемиялогиялык иштер жүргүзүлгөн”, - деди Исмаилова. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн