Кулжа 24, 2025
Убакыт: 12:12
USD
87.20
87.70
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө азыркы кырдаал талкууланды

10.10.2020 16:37
854
Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө азыркы кырдаал талкууланды
  • Бүгүн 10-октябрда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө азыркы кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

  • Маалыматка караганда, жыйынга Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери, ИИМдин ардагерлери жана жеке менчик күзөт кызматынын башчылары катышышты.

  • "Жалал-Абад ШИИБдин начальниги милициянын полковниги Эрнист Молдокеев өз сөзүндө өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу шаарыбыздын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо башкы маселе экенин белгиледи. Жеке менчик күзөт кызматынын башчыларына соода-жайларынын товарларын бөтөн адамдарга алдыртпай, күзөттө турган күзөтчүлөр сак болуп, курал-жарак колдонууда этият болууга чакырды. Массалык талап-тоноочулуктардын алдын алууда, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө ардагерлерди милицияга көмөктөшүүгө үндөдү. Азыркы учурга карата Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн