Жалал-Абад шаарынан Курорт аймагына чейин асма жол куруу пландалууда. Маселе күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматовдун франциялык инвесторлор менен жолугушуусунда талкууланды.
Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, Нурлан Эрматов бул долбоор ишке ашырылса Жалал-Абад шаарынын туристтик потенциалы кыйла кеңейип, ички жана тышкы туристтер үчүн кошумча шарттар түзүлөрүн белгиледи.
Жолугушууда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, техникалык-экономикалык негиздеме даярдоо, аймактын инфраструктуралык абалы жана мыйзамдык база боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Өз кезегинде франциялык тарап бул долбоорго кызыкдар экенин билдирип, кызматташууга даяр экенин кошумчалашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн