Бугу 01, 2024
Убакыт: 03:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды

18.04.2024 14:22
442
Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды


Жалал-Абад шаарынын Исакулов көчөсүндө жайгашкан №23 "Билимтай" балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, бакчанын ачылуу азмине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Шаар мэри жыл сайын билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, мектеп, бала бакча муктаждыктарын жоюу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгын белгилеп, шаар тургундарын бала бакчанын ачылышы менен куттуктады.

"Билимтай" балдар бакчасы 2 кабаттан туруп, 150 орунга ылайыкташкан. Мында балдар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар жаратылган.

Бакчанын курулушуна 84 миллион сом жумшалган. Бул каражат Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында муниципалдык 27 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн