Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды

27.10.2020 17:30
586
Жалал-Абадда «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды


Кыргыз милициясынын 96 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы ыйгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 20 жылдан ашуун укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн кызматкерлердин өмүрлүк жарларына берилүүчү медалды Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков тапшырды.


Капарбек Исаков милициянын жубайы болуу сыймык экендигин айтып, алып жаткан сыйлыктары менен куттуктады. Ошондой эле алардын жолдошторунун жумушу татаал жана жоопкерчиликтүү экендигин белгиледи. Ал эми Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын начальниги, милициянын подполковниги Авазбек Досов офицерлердин жубайларына бекем ден соолук каалап, өмүрлүк жолдоштору менен түбөлүктүү жана бактылуу жашоо тиледи.


Өз кезегинде медал тагынып, кубанып турган офицерлердин жубайлары ыраазычылыктарын билдиришип, сыйлык тапшыргандардын жана кызматкерлердин жумуштарына ийгиликтерди каалашты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн