Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:48
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жалал-Абадда бир күндө 26 кылмыш окуясы катталды

18.04.2020 15:07
1110
Жалал-Абадда бир күндө 26 кылмыш окуясы катталды


17-апрелден 18-апрелге чейинки бир күн ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында баары болуп 26 кылмыш окуялары катталган болсо, алардын ичинен 10 кылмыш коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы. 


Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы 1538 жаран кармалып, ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан 5 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдар салынган.


Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы 112 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 104 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн