Кулжа 24, 2025
Убакыт: 09:46
USD
87.20
87.70
EUR
100.90
101.90
RUB
1.105
1.135

Жалал-Абадда бир жума дайынсыз болгон кишинин сөөгү дарыядан табылды

22.07.2020 09:16
1040
Жалал-Абадда бир жума дайынсыз болгон кишинин сөөгү дарыядан табылды


Жалал-Абад облусунда 15-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү дарыядан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Арпа-Төктү тилкесинде 15-июлдан бери 1959-жылы туулган эркек жаран дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-июль күнү 102 кызматынан түшкөн.


21-июль күнү издөө иштерин жүргүзүүгө Чаткал райондук №81 өрткө каршы бөлүгүнүн куткаруучулары, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.


Издөө иштеринин натыйжасында Чаткал дарыясынан маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн