Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда түнкү убакыттарда батирлерге кирип, уурулук кылган шектүү кармалды

08.07.2021 15:33
3032
Жалал-Абадда түнкү убакыттарда батирлерге кирип, уурулук  кылган шектүү кармалды


Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 4 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 2021-жылдын 20-28-июнь күндөрүнүн аралыгында үйлөрүнө түнкү убакыттарда белгисиз кылмышкерлер киришип, акча жана телефондорун уурдап кетишкендиктерин билдиришкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жабырлануучулар жалпысынан 400 000 (төрт жүз миң) сомдон ашуун материалдык чыгымга учурашкандыктарын белгилешкен. Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


"Жогорудагы кылмыш иштеринин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө тапшырмасы берилген. Анын негизинде ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Сузак районунун 2001-ж.т. тургуну Б.М. Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн