Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жалал-Абаддагы мейманканалардын биринде 14 жаштагы өспүрүм кыз зордукталган

Жалал-Абаддагы  мейманканалардын биринде 14 жаштагы өспүрүм кыз зордукталган


Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде 14 жаштагы өспүрүм кыз зордукталган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, 46 жаштагы район тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси үстүбүздөгү жылдын 2-январында болжол менен саат 22:00дө өспүрүм кызын 31 жаштагы бала күч колдонуп зордуктагандыгын айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул окуя Аксы милициясы тарабынан каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад ШИИБге жиберилген.

Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан бул окуяга байланыштуу тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында арыз ээсинин арызында көрсөтүлгөн бала Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын тургуну 1993-жылы туулган Р.И. экендиги такталган.

Учурда текшерүү иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн