Тогуздун айы 12, 2025
Убакыт: 10:25
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Жалал-Абаддагы психоневрологиялык диспансерде 14 баладан кургак учук аныкталды

10.06.2020 20:51
975
Жалал-Абаддагы психоневрологиялык диспансерде 14 баладан кургак учук аныкталды


Бул маалыматты Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы жетекчиси Бурулкан Кадырова тастыктады.

Айтымында, үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде ал жетектеген борборго кургак учук шектелген төрт бала кайрылган жана алардан оору аныкталган. Натыйжада психоневрологиялык диспансерге жиберилген адистер мекемедеги 94 баланы текшерүүгө алып, алардын 14үнөн кургак учукту аныкташкан. 3 баланыкы дарыга туруктуу түрү болуп чыккан. Сөз болуп жаткан социалдык мекеме 1970-жылы ачылып, анда психикалык четтөөлөрү бар 5 жаштан 18 жашка чейинки балдар кароого алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн