Теке 09, 2025
Убакыт: 19:54
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.113
1.135

Жалал-Абаддагы "Базар-Коргон" көмөк чордону модернизацияланды

09.07.2025 13:45
24
Жалал-Абаддагы "Базар-Коргон" көмөк чордону модернизацияланды


Жалал-Абаддагы "Базар-Коргон" көмөк чордону модернизацияланды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, көмөк чордондо эскилиги жеткен электр жабдыктарын жаңылоо боюнча масштабдуу иштер аткарылды.


Модернизациялоо иштери эки баскыч менен жүргүзүлдү. Өткөн жылы 10 кВ чыңалуудагы “К-37” үлгүсүндөгү сыртка орнотулуучу комплекттүү бөлүштүрүүчү түзмөк заманбап “К-59 СЭЩ” үлгүсүнө алмаштырылган.


Ал эми быйылкы жылы “ВМ-35” үлгүсүндөгү 35 кВ чыңалуудагы эки эски май өчүргүч заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылып, эскирген 6 даана ток трансформатору жаңыланды.


Сыртка орнотулуучу комплекттүү бөлүштүрүүчү түзмөк эки тараптуу Т-1 жана Т-2 трансформаторлоруна туташтырылган. Эгерде бир чубалгыда бүлүнүү катталган болсо, дароо эле 2- трансформаторго которуу оңой. Анткени вакуумдук өчүргуч ыкчам жумуш алып барууга ыңгайлуу. Жаңы орнотулган бөлүштүрүүчү түзмөк 11 уячадан туруп, 4 даана 10 кВ кабелдик аба чубалгылар аркылуу электр энергиясы бөлүштүрүлүп, керектөөчүлөргө жеткирилет.


Белгиленгендей, жаңылоо иштери — электр энергия менен жабдыктардын сапатын жана туруктуулугун камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам. Заманбап жабдуулар авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтып, Базар-Коргон районунундагы 35 миң керектөөчүнү электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн