Бугу 07, 2024
Убакыт: 03:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды

19.02.2024 12:41
451
Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды


Бүгүн, 19-февралда Бишкекте Кыргыз футбол союзунун кезексиз конгресси өттү. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн тартибине ылайык, конгресс КФСтин президенти Медербек Сыдыков жана аткаруучу комитетинин курамынын буга чейинки жарыяланган отставкасы кабыл алынды. Андыктан КФСтин кезексиз конгрессинин күн тартибиндеги маселелердин бири КФСтин жаңы президенттин шайлоо болду.

Бул кызматка жалгыз кандидат Камчыбек Ташиев болгон.

Шайлоо Кыргыз футбол союзунун уставына ылайык өтүп, ачык добуш аркылуу Камчыбек Ташиев бир добуштан КФС президенттигине шайланды.

Андан сырткары, КФСтин аткаруучу комитетинин жаңы курамы бир добуштан шайланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн