Бугу 04, 2025
Убакыт: 03:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Жапаров Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышат

13.06.2022 12:42
798
Жапаров Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Бишкекте өтүп жаткан эл аралык көп тармактуу ишкердик миссиясында билдирди.


Санкт-Петербургдагы мараакелик 25-экономикалык форум 15нен 18-июнь күндөрү өтөт. Иш чарага Египет конок өлкө катары катышат. Быйылкы эл аралык экономикалык форумдун башкы темасы "Жаңы дүйнө - жаңы мүмкүнчүлүктөр" болмокчу.


Белгилей кетсек, Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форум 1997-жылдан бери уюштурулуп келет. Жыл сайын иш-чарага катышкандардын саны 10 миң адамдан ашат, алар дүйнөнүн 120 өлкөсүнөн келет. Форумдун негизги аудиториясы - россиялык жана чет өлкөлүк ири компаниялардын башчылары, мамлекет башчылары жана саясий лидерлер, өкмөттүн төрагалары, вице-премьерлер, министрлер жана губернаторлор.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн