Бугу 03, 2025
Убакыт: 14:50
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Жапаров Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган объектилердин курулушу менен таанышты

30.10.2022 08:08
804
Жапаров Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган объектилердин курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районундагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.


Министрлер кабинетинин башчысы Тажикстан Республикасы тараптан куралдуу агрессиянын кесепетинде жабыркаган Максат айылындагы милиция бөлүмүн жана фельдшердик-акушердик пункттү көрүп чыкты, анда капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.


Фельдшердик-акушердик пункт «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан оңдолуп, учурда жашоочуларды кабыл алууда. Жалпысынан мекеме 900дөн ашуун жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтөт


Акылбек Жапаров ошондой эле Лейлек районунун Максат айылындагы турак жайлардын курулушу менен да таанышты. Ага учурда курулуп жаткан үйлөрдүн долбоорлору көрсөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн