Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жарым жылда ИДПнын көлөмү 1,6 пайызга төмөндөгөн

12.08.2021 16:33
1009
Жарым жылда ИДПнын көлөмү 1,6 пайызга төмөндөгөн

2021-жылдын январь-июлунда ички дүң продукциянын көлөмү 1,6 пайызга төмөндөп, 337 млрд сомго жакынды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 306 млрд сомго жакын болуп, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга көбөйгөн.


ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өнөр жайда жана курулушта алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактардын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 9,1 пайызга төмөндөдү (2020-жылдын январь-июлуна 1,8 пайызга төмөндөѳ болгон). Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 5,0 пайызга көбөйдү (2020-жылдын январь-июлунда 9,7 пайызга төмөндөѳ болгон).


Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (47,8 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,4 пайыздык пунктка көбөйдү, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 4,3 пайыздык пунктка кыскарды жана 37,5 пайызды түздү. ИДП түзүмүндөгү өнөр жайдын үлүшү 20,9 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 5,0 пайызга жана 1,3 пайыздык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда дүң жана чекене соода автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоолордун үлүшү, тескерисинче, 14,8 пайызды түзүү менен 1,3 пайыздык пунктка көбөйдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн