Теке 15, 2025
Убакыт: 21:34
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту

15.07.2025 15:36
27
Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен жолугушту.


ТИМден билдиришкендей, жолугушуу бүгүн Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында иран тараптын демилгеси менен уюштурулду.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.


Тараптар 2025-жылдын 28-апрелинде Тегеранда өткөн Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 14-отурумунун жыйынтыгын канааттануу менен билдиришти.


Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы азыркы кырдаал боюнча пикир алмашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн