Бугу 02, 2025
Убакыт: 04:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Жеңиштин 80 жылдыгына карата коллекциялык монета жүгүртүүгө чыгарылды

28.04.2025 13:29
145
Жеңиштин 80 жылдыгына карата коллекциялык монета жүгүртүүгө чыгарылды


"Улуу Жеңишке 80 жыл" коллекциялык күмүш монетасы жүгүртүүгө чыгарылганын Улуттук банктан билдиришти.


Тыйындын номиналы — 10 сом, салмагы — 28 грамм.


"Монетанын бетине согушта курман болгондорду эскерип, аларга болгон сый-урматты чагылдырган гүлдесте түшүрүлгөн. Монетанын жээгинде тегерете "Улуу Жеңишке 80 жыл/80 лет Великой Победе" деген жазуу бар. Ал эми арткы бетинде Кырызстандын герби, тынчтыктын жана эркиндиктин символу болгон көгүчкөндөрдүн элеси 2025 жана 1945 сандары менен берилген", — деп жазылат маалыматта.


Монетаны башкы банктын кассаларынан 5 200 сомго сатып алса болору кошумчаланды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн