Кулжа 24, 2025
Убакыт: 13:23
USD
87.20
87.70
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт

24.06.2025 08:52
18
Жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт


Жер мунапысына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.


Маалыматта белгиленгендей, жер мунапысы жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт. Ошондуктан жер тилкесине болгон укуктарын мыйзамдаштырууну каалаган жарандар 1-июлга чейин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссияларга кайрылуусу керек.


Программа башталгандан бери республика боюнча 20-июнга карата жалпы 170 766 жарандан арыз түшкөн. Анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 76 643 чечим кабыл алынган.


Учурда агенттик тарабынан жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу 64 820 - мамлекеттик акты, 43 278 техникалык паспорт берилген.


Мунапыска алынган жалпы жер аянты – 10338 гектарды түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн