Бугу 06, 2024
Убакыт: 13:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жети-Өгүз районунун бюджетинде 181 млн сомдук каржы бузуу аныкталды

13.03.2024 16:10
753
Жети-Өгүз районунун бюджетинде 181 млн сомдук каржы бузуу аныкталды


Жети-Өгүз районунда 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган каржы бузуулардын жалпы суммасы — 181 млн 699,7 миң сомду түзгөн, анын ичинен:

- КР бюджеттик тутумундагы бюджеттин долбоорун түзүүгө жана кароого байланыштуу, классификацияланбаган башка бузуулар — 593,7 мин сом;

- КР бюджеттик тутумундагы бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү — 5919,6 миң сом;
- КР бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар — 364,5 миң сом;
- бюджеттен каражаттарды алууда жана бюджеттен алынган каражаттардын ордун толтуруу жана башка бузуулар — 718,3 миң сом;
- Кыргызстандагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу — 861,8 миң сом;
- капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар — 7146,7 миң сом;
- милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо, бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) — 1571,8 миң сом;
- КР бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар — 853,8 миң сом;
- мүлктү сактоонун камсыздалбашы — 81171,7 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар — 12652,7 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар — 5658,9 миң сом;
- бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар — 13027,8 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар — 51158,4 миң сом.

Мындан тышкары, 18 (он сегиз) башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча КР президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациянын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - отчет, ал эми аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар, сунуштар жөнөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн