Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:17
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жети жолу жыгылсаң, сегиз жолу кайра тур

23.04.2024 11:25
109
Жети жолу жыгылсаң, сегиз жолу кайра тур


Күн сайын өзүңөрдү өзүңөр кайратыңар менен таңкалтыргыла.
(Денхолм Эллиотт)

Эрдик – бул кичинекей кадамдардын жыйындысы эле.
(Джордж Конрад)

Багынбаган адамды дегеле жеңүү мүмкүн эмес.
(Бейб Рут)

Ар бир проблема – бул белек. Проблема жок болсо биз өсмөк эмеспиз.
(Тони Роббинс)

Кыйынчылык көп учурда жөнөкөй адамдарды жөнөкөй эмес, өзгөчө тагдырга даярдап коёт.
(К.С.Льюис)

Ишеним – максатка жарым-жартылай жетип калганга тете.
(Теодор Рузвельт)

Жети жолу жыгылсаң, сегиз жолу кайра тур.
(Япон накылы)

Бүгүн сен ойлоруң алып келген жерде болсоң, эртең да ойлоруң алып барган жерде болосуң.
(Джеймс Аллен)

Ар бир аткан таң менен кошо жаңы күч, жаңы ойлор келет.
(Элеонора Рузвельт)

Биз кыйынчылыкты кабыл алып, аны алдыдагы саякатыбызга жанармай катары колдонушубуз керек.
(Кенджи Миядзава)

Кыйынчылык адамды же чыйралтат же сындырат.
(Маргарет Митчелл)

Булакка жетиш үчүн агымга каршы сүзүш керек.
(Станислав Ежи Лец)

Чоң кыйынчылыктан кийин сөзсүз ийгилик келет.
(Джаред Лето)

Кыйынчылык даанышманды огобетер улуу кылат, келесоону биротоло сындырат.
(Наполеон Бонопарт)

Эң кыйын нерсе – эң мыкты.
(Аристотель)

Жашоого юмор менен караш керек, бирок бул өтө кыйын нерсе.
(Дуглас Коупленд)

Гений кыйын иш менен колдон келбес ишти айырмалай билиши керек.
(Наполеон Бонопарт)

Ийгилик кыйынчылыкка катылуу.
(Альберт Эйнштейн)

Биз кубанычыбызды бирөөлөр менен бөлүшсөк болот, бирок кыйынчылыкты өзүбүз жеңүүгө тийишпиз.
(Роберт Хайнлайн)

Мен отту айланып өтпөй, аралап өткөндү жакшы көрөм.
(Мадонна)

Жогору кетчү жол дайыма кыйын, бирок көрбөгөндү көрөсүң.
(Ханна Монтана)

Тарбия көргөн киши кыйынчылык менен бет келип калса, дайыма ага жол берет.
(Борис Крутиер)

Принциби бар кишинин жашоосу дайыма кыйын.
(Ирвин Уэлш)

Бороон учурунда ар кандай жээк жакшы.
(Теодор Драйзер)

Кыйынчылык менен табылган нерсе дайыма жагымдуу көрүнөт.
(Марк Твен)

Кыйынчылык ит сыяктуу: ал көнбөгөн кишилерди гана кабат.
(Антисфен)

Эгер кыйналсаң, сага караганда да көбүрөөк кыйналган бирөөнү тап да, ага жардам бер.
(Олег Рой)

Кыйын иштерди дароо, колдон келбес иштерди анан жасаш керек.
(Америка накылы)

Баштаганга караганда бүтүргөн дайыма кыйын.
(Пауло Коэльо)

Тегиз жерде үймөк да дөбө болуп көрүнөт.
(Карл Маркс)

Биз тизелеп турганыбыз үчүн тоскоолдуктар бизге өтө чоң болуп көрүнөт.
(Оноре Мирабо)

Кыйынчылыкты жеңүү керек. Андан соң жарк этип күн чыгат.
(Александр Блок)

Чыныгы адам кыйын ишке умтулат.
(Отто Шмидт)

Кийинкиге калтыра берсең кыйын иш огобетер кыйын болуп кетет.
(Джордж Мартин)

Атыр гүлдү эңсеген адам анын тикегенине да чыдашы керек.
(Египет накылы)

Бир суткада болгону 24 эле саат бар, бирок кээде анын өтүшү Эверестке чыккандан да кыйын болуп кетет.
(Гейл Форман)

Даярдаган: Мамат Сабыров,
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн