Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жыл башынан бери өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 44 адам каза болду, — министр

06.12.2023 12:49
162
Жыл башынан бери өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 44 адам каза болду, — министр


2023-жылдын 11 айында республиканын аймагында 33 (2022-жылы 58) өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу 2023-жылдын 11 айынынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, алардын кесепетинен 44 (2022-жылы 342) адам каза болду, келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 293 млн 628,5 миң сомду түзгөн. Ал эми былтыр ушул мезгилде өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 342 адам каза болсо, келтирилген чыгым 4 млрд 599 млн 526,7 миң сомду түзгөн.

"Салыштырмалуу быйыл өзгөчө кырдаалдар былтыркы жылга салыштырмалуу 44,4% пайызга азайды", - деди ал.

Ажикеев кошумчалагандай, жалпысынан республика боюнча жалпы ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 165 адамдын өмүрү куткарылып, куткаруучулар тарабынан жалпысынан 918 адамга жардамга көрсөтүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн