Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:54
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жыргалбек Касаболот: "Азаттык" журналистиканын стандарттарын бузган жок

24.01.2023 11:46
2984
Жыргалбек Касаболот: "Азаттык" журналистиканын стандарттарын бузган жок

Камак 


Совет мезгилинде эле чыккан анекдот бар. 200 жылдан кийинки энциклопедияда "Леонид Брежнев - Алла Пугачеванын доорундагы майда диктатор" деп жазылат экен. Анысын ким билсин, бирок Токтогулдун убагындагы беш каман тарыхта жаман атты бойдон калганы чын. Жаман атты болгону үчүн азыркы бийликтегилерди азыркы акындар "беш короо каман" деп санын тактап отурат. 

Бул дүйнөдө суудан таза, сүттөн ак эч ким жок. Айрыкча чыгармачыл адамдардын бир топтору оргу-баргы, жипке тизгендей алкакка сыя бербеген мүнөзү болот. Ошо совет мезгилинде деле азыр адабият тарыхында калган далай алп акындардын асты өкүртө ичип, арты күн алыс мушташып, дагы бир даары кыз-кыркындын сүймөнчүгү болуп, айтор "Коммунизмди куруучунун моралдык кодексинен" кыйла эле алыс болгон экен. Антсе да ал кезде элибиз азыркыдан алда канча ЭЛ окшобойбу, жанында кошо жүрүп видеого тартып көрүнгөндүн таландысына салбай эле көтөрчүсүн көтөрүп, күлкүлүүсүнө кошо каткырып күлүп эле тим болчу экен. Анткени эң негизги маселеге келгенде ошолордун баары эл тарапта, эл менен бирге болгон. 

Болот Назаровдун ишинин аки-чүкүсүн анча биле бербейм. Бирок жеке баамымда бийликтеги эки досту командасы менен кошуп туруп эки жүзгө көбөйтсө да Болот Назаров алардан өйдө турат. Жалаң эле Болот Назаров эмес, элдин чындыгын, көкүрөгүндөгү көйгөйүн айткан чыгаандардын кимиси болбосун кошоматчылардан, түркөйлөрдүн, акты кара деген кыянатчылардын баарын бириктиргенден салмагы жогору. 

Анын үстүнө баары салыштырууда билинет. Болот Назаров акталбай туруп президенттикке шайланса, бийликти алам деп өз кабинетине кашаадан секирип кирсе, миллион атыгып казынаны жесе, киши өлтүрсө, эл өкүлдөрүн "энеңди" деп сөксө кылмыш жообуна тартуу алда канча негиздүү болмок. Жок, анын баарын Болот Назаров эмес, бийликтегилер кылып атат. Тана да албайт. Танайын десе видео, аудио далилдери турат. 

Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы ачкачылык кармап каза болгон кесиптешибиз Шералы Назаркуловдун аты тарыхта чыныгы мекенчил катары өз баасын алган. Аны каматкан бийликтеги Аскар Акаев эмгиче жүзү жарык келе албай отурат. Кумтөр үчүн айласы алты кеткенде араң кечирим сурап, башка күнөөсүн мойнуна албай, эмгиче кайпактап качып жүрөт. 

Кемпирабад боюнча камалгандардын баарын "бийликти алабыз деген планы болгон" дешет. Бийликти антип чиедей кыз-кыркын, саналуу киши ала албайт. "Эмнеге биз отуз миң келсин деп күтүп отурушубуз керек экен? Бийликти алыш керек! Отузуң чыгабы, жүргүлө азыр барып бийликти алабыз" деп кашаадан секирип барып алат. Же чындап жаны ачыса лидерлери камакта экенине карабай, жамгырдай жааган октон качып тарап кетпей, кызыл канга боелуп жүрүп алат. Же кетем деген президенттин жанын койбой жоо куугансып резиденциясына чейин кууп жүрүп, кетчү парламентти кетирбей мөөнөтүн созуп кармап жүрүп алат. Бир эле ууч тарапкерлерин аянттын улам ар кайсы жагынан ар кайсы облустун желеги менен желбиретип элдин башын маң кылып жүрүп алат. 

Баарынан кызыгы - мамлекеттик кызыкчылыктын көз карашынан алганда бийлик эмес, жер кымбат. Жер кеткиче жетимиш президент, жети жүз өкмөт кеткени жакшы. Анткени бийликтин алмашуусу - эл менен мамлекет өзү чечип ала турган иш, бири кетсе башкасы шайлана берет. Ал эми жер кетсе оңой менен кайрылбайт. Ушунун баарын түшүнүш үчүн саясат таануунун доктору болуп деле кереги жок. Жөнөкөй эле логика керек. 

Албетте, камактагылардын баары бир кылка эмес. Бир бакиевчиден көңүлү калса башка бакиевчини жактап жатып алгандары бар. "Убагында камакта отурганда колдогонбуз" дегендер бар. "Күнөөсүн, кимдин кишиси болгонун беш колдой билип туруп колдоп келесоосуңарбы?" дегиң келет. Бирок кимиси кандай саясий көз карашта болбосун, конкреттүү Кемпирабад маселесинде тарых жана эл алдында жүзү жарык. Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү үчүн колунан келишинче күрөштү. Алар камакта, биз эркиндиктебиз. 

Чын эле эркиндиктебизби? 

Эркиндикте болсок Кыргызстандын эгемендик алышына түздөн-түз салым кошкон "Азаттык" жабылбайт болчу. Же улуттук кызыкчылыкты туруктуу көздөгөн медиа түптөлүп, ачык конкуренцияда жеңип чыкмак. "Азаттыкты" эч ким окубай калмак. Ошол идеяны колдогон арты таза берешендер чогулуп, жардам берип колдон-буттан алып кетишмек. Же өкмөтүбүз эркин болсо баарына бирдей карап, өзүн колдогон фейктердин баарын тыймак. Таралышына биздин эле бюджеттен каражат бөлдүрүп келаткан орус каналдарын соцпакеттен алып таштамак. Тажик тараптын сөзүн "Азаттыктан" кем эмес келтирген орус телеканалдарына бөгөт коймок. Орус тилдүү мектеп салып берем десе кийин бешинчи колонна түзө турган сунушка макул болбой, тескерисинче кыргыз тилдүү мектептерди көбөйтмөк. 

Анан эң негизгиси, ашынган либерализмди чектегиси келсе бийлик "Азаттыкты" эмес, убагында сөгүнгөн сөздөрдөн бери ачык эле чыгарып, аны сөз эркиндиги катары көрсөткөн "Клоопту" жапмак. "Азаттык" андай материалдарды жайылткан да жок, журналистиканын стандартын бузган да жок. Демек, кеп башкада. Менимче бийлик "Азаттыкты" өз эркине койсо жапмак деле эмес. Анын үстүнө Кыргызстан тууралуу жаңылыктарды башка жактан деле таратып турса болот. 

Бирок "Азаттык" ушу тапта жалаң эле Кыргызстанга эмес, жалпы Борбор Азияга таасир этүүдө. Анын ичинде коңшулаш мамлекеттердин кызматтары отурат. Мындан тышкары орус тилдүү аудиторияга арналган чоң долбоорлору бар. Демек, анын жабылышын чындап каалагандар Кыргызстандын ичинде эмес, тышында. Орус-украин согушун, орус-казак мамилесин, ЖККУнун кадыры кетип баратканын эске алганда мындай орчундуу таасир борборунун жабылышы кимге керек экенин өзүңөр түшүнүп алгыла. Маскөөгө керек. 

Демек, биздеги бийлик өзү деле көп жагдайларга келгенде эркин эмес. Физикалык камактан чыккан менен башка көп камактардан чыга албай жатат. Биринчи иретте "Сынган кылычта " айтылгандай "Тоо куласа мен токтотом, мен куласам ким токтотот?" деген дымактын камагы. Экинчиден жогоруда айтылгандай тышкы жагдайлардын камагы. Үчүнчүдөн Минскидеги үй-бүлө менен болгон мурунку байланыштардын камагы. Бийлик деген өзү эле чынжыр дешет, бирок мынчалык оор чынжырлар менен чырмалган башкаруучулар эч качан эркин иштей албайт. 

Бул бийликке эле тиешелүү эмес. Чындап келсе баарыбыз аң-сезимдеги камактабыз. Камакта болгон үчүн каккан коңгурообуз угулбай, айткан сөзүбүз жетпей, тамды муштагансып кылган аракетибизден майнап чыкпай атат. Балким аң-сезимибиз оңолмоюнча, коом өзү туура жол издемейинче бул камактан чыкпай турган окшоп калдык. 

Ошентсе да ойлонгонго эч ким тыюу салган эмес. Баары ойдон башталат. Андыктан ойлонолу. 


Жыргалбек Касаболот

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн