Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Кеңеш КРСУнун ишинин шарттары жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда колдоду

31.01.2024 18:16
180
Жогорку Кеңеш КРСУнун ишинин шарттары жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда колдоду


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР Министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Бул багыттагы маалыматтар менен билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырды.

Ал белгилегендей, заманбап, динамикалуу өнүгүп жаткан илимий-билим берүү комплексин түзүү, анын ичинде университеттин административдик-башкаруу персоналын дайындоо маселелерин кайра кароо максатында тараптар окуу жайдын ишмердигинин шарттары жөнүндө жаңыланган келишимдин долбооруна кол коюу маселесин демилгелешкен.

Макулдашууда ар бир тараптан алты адамдан турган ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жогорку коллегиалдуу орган болуп саналган башкаруучу кеңешти түзүү каралат. Университеттин башкаруусунда бирден-бир аткаруучу орган болуп ректор эсептелет, ал 5 жылга чейинки мөөнөткө кызмат ордуна бекитилет жана ректордун кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

Талкуу учурунда депутат Жылдыз Таалайбек кызы аталган университеттин иш кагаздарын жүргүзүүдө кыргыз тилинин маанилүүлүгүн белгиледи. Депутат Талант Мамытов эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү шарттар менен жаңыланган келишим долбооруна кол коюу маселеси демилгеленгенин, буга байланыштуу аны ратификациялоо зарылдыгын айтты. Депутат Кундузбек Сулайманов КРСУнун бүтүрүүчүлөрү кыргыз жана орус үлгүсүндөгү эки диплом аларын эскертти. Ал Россияда жогорку окуу жайдын дипломун таануу жөнүндө маселени тактады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары аталган окуу жай Россиянын реестрине киргизилгендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн