Кулжа 30, 2025
Убакыт: 20:49
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Жогорку Кеңештин төрагасы ЕККУ ПАнын кезектеги жыйынына катышты

30.06.2025 16:31
19
Жогорку Кеңештин төрагасы ЕККУ ПАнын кезектеги жыйынына катышты


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Португалия мамлекетинин Порту шаарында уюштурулган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) 32-жылдык сессиясына катышты.


Жыйында баяндама жасаган төрага мамлекеттер аралык алакаларды жакшыртууга олуттуу салым кошкон акыркы Хельсинки актысына быйыл 50 жыл толгондугун эске салып: “Анда кызматташтыктын негизги принциптери камтылган. Ал принциптер азыр да актуалдуулугун жоготпогону менен айрым учурда бурмаланып чечмеленген да жагдайлар болууда. Андыктан, бүгүнкү күндө 1970-жылдардагы ЕККУну түзүү процессине окшош, тең салмактуу диалог керек”, – деди.

 

Ошону менен катар аймактык коопсуздукту чыңдоо жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү тынчтыкты бекемдөө багытындагы аракеттер тууралуу сөз кылган Нурланбек Тургунбек уулу үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араларды тактоо ишине чекит койгон негизги келишимге кол коюлганын белгиледи. 


“Аталган келишим жалпы чөлкөм үчүн бардык багыттарда чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Азыркы тапта Борбор Азия тынчтыктын жана туруктуулуктун аймагына айланып, эзелтен эриш-аркак жашаган элдердин биримдикте өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлдү. Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен катар дүйнөнүн башка мамлекеттери менен да тыгыз иш алып барып, бардык тармактар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар. Мында парламенттик дипломатиянын ролу өтө чоң. Анын ичинен биз «Борбор Азия — ЕККУ» парламенттик платформасын өнүктүрүүнү, ушул форматта мыйзам чыгаруу органдарынын байланышын кеңейтүүнү сунуштайбыз”,– деди төрага. 


Мындан тышкары, учурдун олуттуу чакырыктары тууралуу сөз кылган Нурланбек Тургунбек уулу: “Заманбап киберкоопсуздук, радикализм жана баңгизат аткезчилиги жаатындагы коркунучтар – трансулуттук мүнөзгө ээ. Аталган маселелер боюнча да биргелешип иш алып баруубуз кажет. Ошону менен катар климаттагы өзгөрүүлөр да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, бизде климаттагы өзгөрүүлөрдөн улам мөңгүлөрдүн азайышы, жер көчкүлөр, суу тартыштыгы өңдүү маселелер курчуп бара жатканы байкалууда”, – деди. 


Муну менен катар аталган көйгөйлөрдү чечүү максатында Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялаганын эске салган төрага: “Ошондой эле биздин демилгебиз менен «Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга карата беш жылдыгынын иш-аракеттер планы» ишке ашырылууда. Андыктан, ЕККУнун алкагында да тыгыз иш алып барып, тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча парламенттер аралык платформаны түзүүнү, тоолуу өлкөлөрдөгү биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо менен жер көчкүлөрдүн алдын алуу, жашыл энергетиканы жана экономиканы өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну сунуштайбыз” – деп кошумчалады. 


Сөзүнүн аягында ЕККУ кагылышуу эмес, диалог үстөмдүк кылган уюм бойдон калышы керектигин белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы: “Биз айырмачылыктарды арбытуу эмес, мамлекеттер ортосунда көпүрө болуу – уюмдун башкы миссиясы деп билебиз. Айрыкча глобалдык туруксуздук шартында, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы сыяктуу аянтчалар өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Ассамблеянын ишине активдүү катышып жана маанилүү маселелер боюнча биргелешип иш алып барууга даяр”, – деди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн