Кулжа 30, 2025
Убакыт: 17:36
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Жогорку Кеңештин төрагасы иш сапары менен Португалияга жөнөп кетти

30.06.2025 09:30
27
Жогорку Кеңештин төрагасы иш сапары менен Португалияга жөнөп кетти


Кечээ, 29-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) XXXII жылдык сессиясына катышуу үчүн Португалия мамлекетине жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Иш сапардын алкагында төрага аталган эл аралык иш-чарада баяндама жасап, аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө парламенттик дипломатиянын ролун кеңейтүү боюнча сунуштары менен бөлүшөт.


Андан тышкары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн