Жетинин айы 13, 2025
Убакыт: 14:18
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.080
1.105

Жогорку сотто КМШ байкоочулары менен шайлоо процесси талкууланды

Жогорку сотто КМШ байкоочулары менен шайлоо процесси талкууланды


Бүгүн Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова Көз карандысыз  Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетинин КМШ байкоочулар миссиясынын ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Евгений Козяк менен КМШ Аткаруу комитетинин кеӊешчиси Олег Кулеба менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.


Өз сөзүндө Нургүл Бакирова акыркы жылдары Кыргызстандын соттору шайлоо талаштарын ыкчам жана ачык кароо боюнча туруктуу практика түзүшкөндүгүн айтты. Жарандар, ошондой эле шайлоо процессинин башка катышуучулары – шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулар жана коммерциялык эмес уюмдар  өздөрүнүн шайлоо укуктарын коргоо максатында жоопкер жайгашкан жердеги биринчи инстанциядагы сотко кайрылууга укуктуу.


“Биринчи инстанциядагы соттун чечими үч күндүн ичинде Кыргызстандын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Кассациялык инстанциядагы соттун токтому акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт”, - деди Нургүл Бакирова.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сот системасынын шайлоо процессиндеги ролун, ошондой эле шайлоо укуктарын коргоо багытындагы ишмердүүлүктүн ачыктыгын жана ыкчамдыгын камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.


КМШ байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү өз кезегинде алдыдагы Кыргызстандын

Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда боло турган шайлоолорду байкоо максатында келишкендигин билдиришти. Алар шайлоо процессинин мыйзамдуу жана адилеттүү өтүшүнө көз салуу, ошондой эле сот системасынын шайлоо талаштарын кароодогу ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча байкоо жүргүзөрүн белгилешти.


Жолугушуу конструктивдүү мүнөздө өтүп, тараптар мындан аркы өз ара кызматташууну улантуу боюнча пикир алышты.


Белгилүү болгондой, шайлоолорго байланыштуу Бишкек шаарынын Административдик соту 2025-жылдын 25-октябрынан 22-декабрына чейин, ал эми Жогорку соттун судьялары ушул жылдын 8-ноябрынан 30-ноябрына чейин нөөмөт тартибинде иш алып барышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн