Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракесине арналган ыр майрам кечеси өтөт

24.03.2021 21:49
1882
Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракесине арналган ыр майрам кечеси өтөт

Ордолуу Ош шаарында улуу талант Жолон Мамытовдун  80 жылдык мааракесине арналган ыр майрам кечеси өтөт.

Кече 1-2-апрель күндөрү "Жолон Мамытов" фондунун демилгеси менен, Ош шаардык мэриясынын, Кара-Суу коомунун, ОшМУнун колдоосу астында салтанаттуу түрдө өткөрүлмөкчү.


Жолон Мамытов Кыргыз поэзиясында өзүнүн оргиналдуу ыр саптары менен кыргыз улуттук поэзиясын жаңы бийиктиктерге көтөргөн акын. Анын "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.


  Мамытовдун 80 жылдык мааракеси өткөн жылы пандемияга байланыштуу, залкар акындын чыгармачылык мааракесин өткөрүү мүмкүн болбой, окурман журтунун онлайн колдоосу менен белгиленген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жолдошбаева Аксана Салыевна
Улуу инсан ,акын жазуучу ,ырлары Кыргызстандын энциклопедия китебине кирген сый ырматта ээ ,озу бул жалган дуйнодо жок болсода дайым жаныбызда жургондой ырлары тируу дем берет куч берет,Толойкондун ар Бир пендеси сиз мн сыймыктанат.