Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жумгалда балык уулоого кеткен боюнча дайынсыз болгон эки кишини издөө иштери жанданды

30.06.2020 09:11
1174
Жумгалда балык уулоого кеткен боюнча дайынсыз болгон эки кишини издөө иштери жанданды


Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 42 жана 43 жаштагы тургундары Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери жанданды.


29-июнь күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 12 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 19:45те издөө иштери убактылуу токтотулган.

 

Бүгүн, 30-июнда издөө иштери улантылары айтылат.


Белгилей кетсек,  издөө иштери суунун деңгели көтөрүлүп кеткенине байланыштуу 19-июнда убактылуу токтотулган.


Эске салсак, буга чейин Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн