Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:05
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Зина Далбаева, пульмонолог: “Ыш көп ооруларды козгоп, ден соолукту катуу жабыркатат”

21.12.2023 14:00
1200
Зина Далбаева, пульмонолог: “Ыш көп ооруларды козгоп, ден соолукту катуу жабыркатат”


- Зина эже, кыш келгенде эле ыш талкууга айланат. Адис катары бул көйгөйгө токтоло кетсеңиз? 


- Ыш – углеводородду чала күйгүзүүдө же ысытып ажыратууда пайда болгон кара түстөгү көмүртек продуктусу. Ал зыяндуу түтүн түрүндө болгон үчүн абаны булгайт, экологияга эбегейсиз зыян келтирет. Ыштын курамында оор металлдар бар. Ошон үчүн ал адамга абдан терс таасирин тийгизет. Бул жагылган оттон эле эмес, машинелерден чыккан кара түтүндүн да кесепети. Ошондуктан ыштан булганган аба адамдын эң биринчи дем алуу органдарын жабыркатат. Өпкөнүн өнөкөт ооруларын күчөтөт. Тагыраагы, аллергия, астма, бронхит, ангина, пневмония жана гайморит ооруларынын күч алышына себеп болот. Ыштан негизи жаш балдар, анан жашы өткөндөр көп жабыркашат. Ал өпкөнү эле каптап калбай, башка органдарды дагы жабыркатат. Маселен, ыш өпкөдөн канга өтүп, кандагы кычкылтекти азайтып, боорду, мээни кошо жабыркатат. Ал эми боор жабыркаганда кускуң келет. Өпкө жабыркаганда ачышып, дем алуу оорлой баштайт. Көз жабыркаганда жаш агат. Мээ жабыркаганда кан менен барчу кычкылтек айланбай, эс-тутум начарлап, адам унутчаак боло баштайт. Кош бойлуу аялдын организми ышка ууланганда балдары ДЦП, аутизм менен төрөлөт. Ошон үчүн организмдеги ыштын кесепеттерин жоюп, ден соолугубузду чыңдап турушубуз шарт. 


- Ыштын гормондорго да таасири тийеби?


- Албетте. Ыш кандагы кычкылтекти азайтканы үчүн гормоналдык оорулар күч алып, калкан безинин системасынын бузулушуна да себеп болот. Кыскасы, кандагы кычкылтектин аздыгы бүтүндөй организмге терс таасирин тийгизет. Эң жаманы – келиндердин кош бойлуу болушуна зыяны көп.


- Ыштын кесепетинен организмге отурукташып калган оор металлдардан кантип арылсак болот?


- Негизи организмге кирген оор металлдар заара, заң менен чыгат. Ал үчүн аба таза кезде чуркап, басып, дем алыш керек. Ошон үчүн шаардын сыртына чыгып, чуркап, таза абада басканды, дем алганды адатка айлантуу зарыл. Витаминдер менен организмди күчтөш керек. Канды тазалаган ыкмаларды колдонуп, таза сууну көп ичүү сунушталат. Анткени, суу уулуу заттарды организмден айдап чыккан касиетке ээ. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн