Баш оона 23, 2025
Убакыт: 23:59
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Өкмөттө премьердин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү салтанаты өттү (фото)

18.06.2020 08:59
1315
Өкмөттө премьердин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү салтанаты өттү (фото)


Өкмөт үйүндө кечээ, 17-июнда премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Кубатбек Боронов мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы премьер-министрге жана жалпы өкмөткө ийгилик каалады.

Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, ошондой эле көпчүлүк коалицияга кирген Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери - Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, ошондой эле президенттин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн