Бугу 13, 2024
Убакыт: 19:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өлкө аймагында карантин киргенден бери 2889 адам кармалды

19.04.2020 10:38
1105
Өлкө аймагында карантин киргенден бери 2889 адам кармалды


Бүгүн, 19-апрелге карата Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген райондорунда коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузган 91 жаран кармалып, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди жана 4 автоунаа атайын жайларга токтотулду.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 57,

Жалал-Абад шаары боюнча – 4,

Ош шаары боюнча-8,

Нарын шаары - 6,

Ноокат району – 1,

Сузак району 12,

Кара-Суу району боюнча – 3. Ал эми Ат-Башы району боюнча тартип бузуулар катталган жок.


Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2889 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн