Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өлкө аймагында тартип бузган 91 жаран жана 10 автоунаа кармалды

09.04.2020 09:29
953
Өлкө аймагында тартип бузган 91 жаран жана 10 автоунаа кармалды


Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык убакыттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 91 жаран жеткирилип, 10 автоунаа атайын жайларга токтотулду.


Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 61,

Ош шаары боюнча - 6,

Жалал-Абад шаары - 3,

Сузак районунда - 21


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кара Суу жана Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2192 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалган. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилди жана коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн