Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 09:04
USD
87.30
87.80
EUR
102.90
103.90
RUB
1.045
1.075

Өлкөдө блокпосттордун саны кыскартылат

28.04.2020 15:59
1389
Өлкөдө блокпосттордун саны кыскартылат


Кыргызстанда экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, карантиндин узарышы менен айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз калат.

«Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүгө/чыгууга санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ошондой эле өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине тыюу салуу күчүндө калат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн