Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бетти тарттыруу үчүн мыйзамсыз инъекциялык препараттардын жана ботекс аналогдорунун партиясын “Ак-Жол – автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктуну аркылуу мамлекеттик чек арадан алып өтүү учурунда кармашты.
Ведомстводон билдиришкендей, партиянын тиешелүү тастыктамалары жок болгон жана жасалма коштомо документтердин белгилери болгон.
Кармалган товардын болжолдуу баасы 1,5 млн сомду түзөт.
Мыйзамсыз жүк ташыган унаа айып короого киргизилип, материалдар андан ары териштирүү үчүн бажы органдарына өткөрүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн