Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 15:56
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.045
1.075

Өлкөнүн бир катар саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн каражат бөлүндү

27.05.2024 17:23
323
Өлкөнүн бир катар саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн каражат бөлүндү


Өлкөнүн бир катар саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн каражат бөлүндү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин тескемеси менен республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүү төмөндөгүдөй каралган:

– Талас медициналык колледжинин жылуулук системасын оңдоого 5,0 млн сом;

– Шаардык балдар клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына лифттерди, медициналык жабдууларды сатып алууга жана соматикалык корпусун кеңейтүүгө жалпы суммасы 70,0 млн сом;

– Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук хирургия борборуна медициналык жабдууларды сатып алууга, операция жана реанимация бөлүмүн капиталдык оңдоого 33,0 млн сом.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн